АСТРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (8), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОЛОГИЯ (астро... жана logos ‒ окуу) ‒ асмандагы жарык чыгаруучулардын, айрыкча планеталардын жайгашуусу менен тарыхый окуялардын, адам тагдырынын ортосунда байланыш бар деген ишеним окуу. А. системасы Байыркы Месопотамияда, Грекияда, Индия жана Кытайда өнүккөн. О. кылымда А. өзгөчө ислам өлкөлөрүндө жана Батыш Европада белгилүү болгон. А-лык окуулар алхимия жана сыйкырчылык менен тыгыз байланышта болгон. Көптөгөн астрономдор бир эле убакта эллипистика А-ны өнүктүрүшүп, астролог болушкан. А-лык алдын ала айтууга астр. жана метеорол. кубулуштар, анын ичинде Ай жана Күндүн тутулушу, планета менен жылдыздардын чыгышы жана батышы, планеталардын топ жылдыздарга салыштырма жана бири бирине карата жайгашышы негиз болот. Ар бир мындай кубулуш жерде болуучу айрым окуяны алдын ала билдирүүчү өзгөчө белги катары каралган. Азыр да кээ бир өлкөлөрдүн өнүгүүсүн, келечегин «алдын ала айтуу» үчүн астролог кызматын пайдаланышат (гороскоп түзүү). Байыртан берки эклиптиканы 12 зодиак топ жылдыздарына бөлүү А-нын негизин түзөт.