АСТРОБИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОБИОЛОГИЯ - биологиянын Ааламдагы ар кандай асман телолорундагы тиричиликти изилдөөчү бөлүмү. Ааламдагы эӊ жөнөкөй орг. клеткалардын жаралышын жана аларда жашоонун жогорку формасына өтүп жетилишин, о. эле Жердин жасалма жандоочуларын, узакка жашаган жаныбар жана космонавттын организминин иштөө функцияларында, о. эле изилдөө мүнөзүнө жараша Күн системасынын жана андан тышкары башка галактикадагы планеталарды изилдейт. Күн системасындагы планеталарга ар кандай космос кемелерин учуруу менен Меркурийде, Чолпондо жана Айда тиричиликтин болушу мүмкүн эместиги далилденди. Марс планетасы Жерге эӊ окшош, анда басым 10 Мбар, темп-расы күндүз 30°, түнкүсүн ‒70°, атм-сында Н2О, СО2 жана О2 кездешет. Мындай шартта Жердеги микроорганизмдер жанданышы мүмкүн. Анын бетиндеги кара тактар чаӊ бороонунун, ал эми «уюлдук ак шапкелер» кыроонун пайда болушу менен түшүндүрүлөт. Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон планеталарында тиричилик жок, себеби атм-сы аммиак жана метандан, ал эми тышкы катмары гелий ‒ суутектен турат. Жердеги тиричиликтин пайда болушуна шарт түзгөн көмүртек жана суутектин эӊ жөнөкөй бирикмелери башка планеталарда да бар экендиги далилденүүдө. Алар жеке эле Жер шарында эмес, Ааламдагы башка планеталарда да жашоо тиричиликтин чыгышына себепкер болушу ыктымал. Ааламдын башка бөлүктөрүндөгү цивилизацияны Жердин жандоочусу ‒ Айга жана ири астероиддерге астр. лазер, оптика жана радио түзүлүштөрдү, радиотелескопторду орнотуу менен изилдөөгө болот. Ад.: Оксфордская иллюстрированная энциклопедия. М., 2000.