АСТМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:50, 23 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АСТМА (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (к. Бронх астмасы ) же жүрөктүн жабыркоосунан (к. Жүрөк астмасы ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх А-сы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк А-сы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан ж-а бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. А. кармаганда тезинен мед. жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба м-н дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү м-н гана кабыл алуу керек.