АЭРОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОЛОГИЯ (аэро... жана гр. logos ‒ илим) ‒ атм. физикасынын атмененын жогорку катмарындагы физ. процесстер менен кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Ал атмененын курамы менен түзүлүшүн, жаан-чачын менен булуттун пайда болушун жана алардын өнүгүүсүн жөнгө салуу жолдорун, аба массаларынын бири бирине тийгизген таасири д. у. с-ды изилдейт. Атменены изилдөөнүн түрлүү ыкмаларын иштеп чыгуу жана алар үчүн приборлорду (к. Аэрологиялык приборлор ) ойлоп табуу иштерин да жүргүзөт. А-лык изилдөөлөр электрондук аппаратуралардын, авиациянын ракеталык жана метеорол. спутник техникасынын, о. эле обсерваториялар жана станциялардын жардамы менен жүргүзүлөт.