АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР – сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары менен эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мис., англис, француз, жаңы перс, болгар ж. б. тилдер). Тилдерди аналитикалык жана синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү менен агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.