АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР
Jump to navigation
Jump to search
АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР (Pristiformes) - кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы менен биригип өскөн. Уз. 6 мге жетет, салм. 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу менен айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү жана тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. А-дын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч жана Индия океанында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар менен азыктанат. Аларды узун тумшугу менен суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. А-дын ургаачысы 12ге чейин жумуртка-тирүү тууйт. Жерг. элдин промысел объектиси.