АЛЫБАЕВ Мидин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫБАЕВ Мидин (7. 11.1917, Нарын обл., Жумгал р-ну, Чаек айылы – 3. 12. 1959, Бишкек) – акын, сатирик, жазуучу, драматург жана котормочу. 1931-ж. Фрунзедеги

педтехникумда, 1935-36-ж. бир жылдык комсомолдук курста окуган. 1936-38-ж. «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында иштеген. 1938-40-ж. Сов. Армиянын катарында кызмат кылган. Согуш жылдарында жана согуштан кийин респ. гезит-журналдардын редакциясында иштеген. Чыгармачылык иши 1934-жылдан башталган. «Бактылуу жаштык» (1937), «Ырлар жыйнагы» (1938, 1947), «Ак чүч» (1957) деген ыр китептери жарык көргөн. Акындын поэтикалык мурасы «Мидин» аттуу бир томдукка (1967) басылган. Орус тилинде «Разговор с современником» аттуу ырлар жыйнагы (1958) чыккан. Поэмалары «Замандаш менен сүйлөшүү» деген

АЛЫБАЕВ 3 13.png

ат менен 1958-ж. жарык көргөн. Ал өз поэзиясында назик лиризм менен өткүр сатиралык пафосту, фольклор менен профессионал адабияттын салттарын айкалыштыра билген. Алыбаевдин мыкты поэтикалык чыгармасы – «В. В. Маяковскийге акындык отчёт» деген поэмасы. «Чыгармаларынын бир томдугу» (1961), «Ачылбаган кат» (1964, 1982, 1987), «Жомоктор» (1965), «Тандалган ырлар» (1967), «Кызыл жылдыз» (1971), «Пьесалар» (1972), «Жомокчу мерген» (1974), «Тандалган чыгармалар» (1977), «Мидин» (1984), «Мидин Алыбаев» (1993) аттуу ырлар жыйнактары чыккан. «Сүйгөнүмдүн сүрөтүнө», «Ойлончу», «Сага», «Бир элес», «Ак келинге» окшогон ондогон лирикалык ырлары белгилүү, «эпиграмма» жанрына кайрылып, «Адабияттык парадын» жазган. Алыбаевдин – бир канча очерк, аңгеме, фельетондордун, «Курорттогу окуя», «Жантектин керээзи» ж. б. драмалык чыгармалардын автору. Прозаик, курч фельетончу, сатирик, таланттуу лирик акын катары кыргыз адабиятынын тарыхында чоң орду бар. Ал чебер котормочу катары А. Пушкин, С. Маршак, К. Симонов, С. Михалков, В. Маяковский ж. б-дын чыгармаларын которгон. Ысмы өзү туулган айылдын мектебине жана бир көчөсүнө коюлган.