АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, А. И. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. И.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫколо дооруна мүнөздүү турак жай калдыгы. Аламүдүн суусунун оӊ өйүзүндө, Кара-Жыгач багынын тушунда жайгашкан. Адам иш-аракетинин изи калган катмар бир кыйла аянтты ээлеп, 0,3‒0,6 м тереӊдикте жаткан. 1929-ж. россиялык археолог анын ичинде Тереножкин тарабынан коло дооруна мүнөздүү маданий катмар табылып, изилденген. Бул жерден геом. оймо-чиймелер менен кооздолгон, чопо идиштин сыныктары, бодо малдын, о. эле майда жандыктардын сөөктөрү жана күлдүн калдыктары чыккан. Тургун жайдагы карапа буюмдар Кырг-ндын түндүгүндөгү табылган карапаларга окшош келип, б. з. ч. 2-к-дын аягы ‒ 1-к-дын башына тиешелүү деп далилден ген. Бул эстеликтердин мүнөзүнө караганда отурукташкан чарба шартында жер иштетип, мал багып жашоо тиричилигин өткөргөн андрон мад-тынын тургундары болгон.
К. Табалдиев.