АКУЦИОНОК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУЦИОНОК Петр Антонович (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск обл., Шумилино шаарчасы ‒ 1943, Гомель обл., Лоев шаарчасы) ‒ Сов. Союз. Баатыры (1943). 1941-ж. Белоруссиядан Кырг-нга эвакуацияланган з-д менен кошо келген. Таш-Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-ж. Сов. Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борб. фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон.

АКУЦИОНОК13.png

Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Сов. Союз. Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө жана мектеп анын ысмы менен аталат. Ленин ордени менен сыйланган.