АКСЫ ОКУЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСЫ ОКУЯСЫ ‒ Жалал-Абад обл-нун Аксы аймагынын калкынын бийликке карата саясий нааразылык билдирүү акциясы. Бул окуяга КР ЖКнын депутаты Азимбек Бекназаровдун бийликтин саясатына айрыкча, чек ара (Үзөӊгү-Кууш) маселеси б-ча нааразычылыгынын негизинде мыйзамсыз камалышы жана соттолушу шылтоо болгон. Аксы жергесинде аны коргоо комитети түзүлүп, айыл-кыштактарда бийликтен бул мыйзамсыз окуялардын тез арада чечилишин талап кылган митингдер 2002-ж. 25-январда Кара-Суу, Кара-Жыгач айылдарында өткөрүлгөн. 11-мартта Токтогул р-нунда А. Бекназаровдун үстүнөн сот процесси башталып, прокурор аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылат. Бирок элдин нааразычылыгынан улам судья сот өкүмүн угузууну кийинкиге калтырат. 11‒16-март күндөрү Аксынын Кара-Суу, Кара-Жыгач, Жаӊы-Жол айылдарында митингдер өткөрүлөт. Алар райондук, обл. администрация жетекчилеринин элге келишин күтүшкөн. Бирок чакырылгандардын келбегенине нааразы болгон эл Бишкек-Ош жолун тосууну чечишет. Кербенди көздөй жол тарткан митингчилерди Боспиек айылынын тушунан райондук бийлик өкүлдөрү, милициянын атайын бөлүнгөн отряддары тосуп чыгышып, куралсыз элге каршы ок атышкан, 6 адам окко учуп, бир нече адам жарадар болушкан. Бул жолку жүрүшкө аксылыктардан башка нааразы болушкан кара-кулжалыктар менен өзгөндүктөрдүн чыгышы бийликти компромисске барууга аргасыз кылган. А. о. анык демократия үчүн кандай күрөшүш керек экендигин далилдеген жана аны өлкөдөгү 2005-ж. 24-марттагы болгон окуянын бирден бир себеби катарында кароого болот.