АКИШЕВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИШЕВ Кемал (23. 5. 1924. Павлодар обл. Барнаул ш. – 10. 8. 2003, Алматы) – археолог, казак археология илимин негиздегендердин би­ри. Казакстан мамл. сыйл. (1982), Казак ИАсынын Ч. Валиханов атн. сыйл. (1966) лау­реаты, Германия Археол. ин‑тунун корр. мүчөсү, Казакстандын илимге эмг. сиң. кызматкери (1989), 1950‑ж. Казак мамл. ун‑тин бүтүр­гөн соң, Казакстан ИАда аспирант, кенже жана улук ил. кызматкер, профессору. 1955–90‑ж. Ч. Валиханов атн. Тарых, археология жана этно­графия ин‑тунда археология бөлүмүнүн башчы­сы болуп иштеген. 1991‑жылдан А. Маргулан атн. археология ин‑тунун бөлүм башчысы, ин-­ттун улук ил. кызматкери. 1954‑жылдан Казак­стан аймагындагы археол. экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси. Байыркы жана о. кылымдарга таандык эстеликтерди, дүйнөлүк мааниси зор Эшик (казакча Есик) коргонунан табылган «Алтын адам» (б. з. ч. 5‑4‑к.), Бешча­тыр (б. з. ч. 6‑5‑к.), Отрар ж. б. археол. та­былгаларды ачкан жана изилдеген. 220га жа­кын ил. эмгектин, анын ичинде 14 монографиянын ав­тору. «Древняя культура саков и усуней доли­ны р. Или» (1963), «Древняя культура Централь­ного Казакстана» (1966), «Древний Отрар» (1970) ж. б. эмгектеринде коло, эрте темир доорунда­гы мад‑ттардын маанилүү жана негиздүү маселе­лерин изилдеген. «Парасат» ордени менен сыйлан­ган.