АКАРТ МРАМОР КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:34, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАРТ МРАМОР КЕНИ Ош обл‑нун Ноокат р‑нунда, Жаңы‑Ноокат кыш‑нан 30 км түш­түктө, деңиз деңг. 2700–2880 м бийиктикте.1992‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Мрамор ортонку таш көмүр мезгилинде пайда болгон. Өңү ак, көгүш‑ак, ачык‑боз, боз, кесек кристаллдуу, массивдүү, декоративдүү. Физ.-мех. касиеттери: орточо тыгыздыгы 2,70 г/см3, көзө­нөктүүлүгү 0,78%, суу сиңирүүсү 0,08%, кургак абалда баскандагы бектигинин чеги 73,0 МПа, сууга каныккан абалда 67,1 МПа, жешилүүсү 1,62 г/см2, суукка чыдамдуулугу 25 цикл. Блок­тордун орточо чыгышы 50%, 1 м3 блоктон 18 м2 каптама такталар чыгат. Мрамордун запасы А категориясы б‑ча – 346 миң м3, В –763 миң м3, Cj– 2018 миң м3, А+В+Ц – 1327 миң м3.