АМПЕР ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМПЕР ЗАКОНУ – магнит индукциясынын вектору В менен мүнөздөлгөн магнит талаасына жайгаштырылган I тогу өтүүчү өткөргүчтүн А1 бөлүгүнүн узундугуна таасир этүүчү мех. күчтү аныктоочу закон: F = kIB AI sin а , мында а магнит индукциясы менен токтун элементинин IAI арасындагы бурч. Вектордук А. з. d,F = [Т<й ■ в\ түрүндө жазылат. Бул закон 1820-ж. ачылган.Фр. физиги Ампер F күчүнүн чондугу ток күчүнө (/) таасир эткен магнит талаасынын индукциясына (В) жана ток өтүп жаткан өткөргүчтүн магнит талаасын каптаган узундугуна (&1) пропорциялаш экендигин далилдеген. AF вектору ток өтүүчү өткөргүчкө жана магнит индукциясынын векторуна перпендикуляр болот. Ампер күчүнүн F багыты сол кол эрежеси менен аныкталат. Ар ТҮРДҮҮ электр кыймылдаткычтар (моторлор), электр тогунун чоңдуктарын өлчөөчү приборлордун айрым түрлөрүнүн иштөөсү Ампер күчүнө негизделген.