АММИАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АММИАК, NH3 – азоттун суутек менен болгон жөнөкөй бирикмеси. Түссүз, кескин жыттуу, тумчуктургуч газ. Жаратылынгга орг. заттардын чирип ажырашынан пайда болот. Эрүү t 80°С,кайноо t 33,35°С, сууда жакшы эрийт, спирт, ацетон, хлороформ жана бензолдо начар эрийт. Төмөнкү темп-рада, жогорку басымда суюктукка, ал эми андан ары төмөндөтсө жана басымды көбөйтсө кристаллга айланат. Суюк А. эриткич катары колдонулат. А-тын суудагы эритмеси нашатырь спирти деп аталат. Жогорку темп-рада азот жана суутекке ажырайт, к-талар менен сууда жакшы эрий турган туздарды берет. Бул туздар ысытканда жеңил ажырайт. А. к-лар менен аммиакаттарды, кээ бир металлдар менен нитриттерди же амиддерди, күкүрт, көмүр кычкыл газы менен ысытканда N4S4, HCN ж. б. пайда кылат. NH3тү кычкылдандыруудан азот к-тасы, азот жана анын оксиддери пайда болот. Ал азот менен суутектин аракеттенүүсүнөн же көмүрдү кокско айландырганда бөлүнүп чыккан газдан алынат. Азот кислотасын, карбамидди, орг. заттарды синтездөө, жер семирткичтерди даярдоодо, медицинада жана хим. өнөр жайларда кеңири колдонулат.