БААТЫР ШААР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БААТЫР ШААРУлуу Ата Мекендик согушта немецтик-фашисттик баскынчылардан коргонууда шаардыктардын массалык түрдө көрсөткөн баатырдыгы жана эрдиги үчүн айрым шаарларга ыйгарылган ардактуу наам. 1965-ж. 8-майда СССР Жогорку Советинин Президиуму нун Указы менен Москва, Ленинград, Киев, Одесса, Севастополь, Сталинград, Тула, Мурманск, Смоленск шаарлары Б. ш., Брест чеби ‒ баатыр-чеп аталып, Алтын Жылдыз медалы жана Ленин ордени ыйгарылган. Жоокерлердин жана шаар тургундарынын зор эрдигин белгилөө урматына 1942-ж. 22-декабрда «Ленинградды коргогондугу үчүн», «Одессаны коргогондугу үчүн», «Севастополду коргогондугу үчүн», «Сталинградды коргогондугу үчүн», «Москваны коргогондугу үчүн», 1961-ж. «Киевди коргогондугу үчүн» медалдары чыгарылган. 1973-ж. Беларуссиянын, Крымдын, Кавказдын немец фашисттеринен бошотулгандыгынын 30 жылдыгы белгиленип, ошол эле жылы СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Новороссийск, Керчь ш-на жана 1974-ж. Минскиге Б. ш. деген ардактуу наам берилген. Б. ш-да Ленин орденинин, Алтын Жылдыз медалынын сүрөтү жана СССР Жогорку Советинин Указынын тексти жазылган обелиск коюлган.