АКУСТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ
Jump to navigation
Jump to search
АКУСТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ — үн жана чуу чоӊдуктарын мүнөздөө. Ага үндүн күчү, басымы, катуулугу, тембри, термелүү ылдамдыгы, термелүү жыштыгы жана мезгили, басаӊдоо коэфф-и жана ургаалдуулугу, о. эле арх-ралык акустикадагы, байланыштагы ж. б-дагы үн өткөргүчтөрдү мүнөздөөчү өлчөөлөр кирет. Үн күчү ‒ үн толкунунун багытына перпендикуляр болгон аянт бирдиги (1 м2) аркылуу өткөн энергиянын санына барабар. Термелүү (толкундун) энергиясы жыштыкка жана термелүү амплитудасына көз каранды, б. а. термелүү жыштыгы жана амплитудасы канчалык чоӊ болсо, үн күчү да ошончолук чоӊ болот (к. Үн). А. ө. үчүн негизинен электрондук аппараттар, мис., абада үн басымын ченөөдө микрофон , суюктукта (сууда) гидрофон , чууда чуу өлчөгүч колдонулат.