АКМАТ Рысменде уулу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТ Рысменде уулу (1891, азыркы Чүй р‑ну, Шамшы айылы – 1966, ошол эле жерде) ­семетейчи, Сагымбай Орозбак уулунун шакир­ти. 1930‑жылдардын аягынан Кыргыз мамл. филармониясында артист, өмүрүнүн акыркы жылдары айылында иштеген. А. өзүнүн «Семе­тей» айтып калуусун көпчүлүк манасчыларга мүнөздүү кереметтүү түш көрүү салты менен бай­ланыштырат. 1915‑ж. көпчүлүктүн алдында биринчи жолу «Семетейден» үзүндү айткан. 1938-ж. май айында акындардын слётуна ча­кырылып, «Семетейден» айткан үзүндүсү жого­ру бааланган. А‑тын айтуусунда «Манас» эпо­сунан «Манастын Көзкамандардан көргөн жа­мандыгы» (5 500 сап ыр), «Чоң казат» (3 663 сап ыр) эпизодунан үзүндү жазылган жана анын айтуусунда «Үргөнч» деген ат менен «Семетейден» үзүндү өзүнчө китепче болуп жарык көргөн (1941). «Семетей» б‑ча жазылган материалдары «Манастын» төрт томдук курама вариантын (1958‑60) чыгарууда толук пайдаланылган.