АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигин­де өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу про­граммаларын аныктоо жана ички тартиптер б‑ча укуктар; билим берүү жана илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын жана эркин­диктердин топтому. Профессорлорду жана ректор­лорду шайлоо көз карандысыз, сырткы администрациялык бий­ликтин кийлигишүүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын про­фессор‑окутуучулар курамына, илимий кызматкер­лерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндик­тер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы б‑ча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмалары­нын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөн­дөмдүүлүгүнө жана муктаждыгына ылайык би­лим алуусу.