АЙЫР
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫР (Acorus) – ароиддер тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы жоон, сойлоп өсөт, чачы тамырлуу, жалбырагы ичке кылыч сымал, уз. 1 мге жетет; топ гүлү – сото. Анын 2 түрү белгилүү. Кыргызстанда (Ысык‑Көлдүн чыгышында) кездешет. Өзөн, көлмө жээктеринде жана саздарда өсөт. Вегетативдик жал менен көбөйөт. Тамыр сабагынан эфир майы алынат, ал парфюмерия, кондитер ө. ж‑да, о. эле андан алынган дарылар медицинада боор, өт, бөйрөк жана борб. нерв системасынын ооруларын дарылоодо колдонулат.