АТАКАМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:50, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАКАМА ‒ Чилинин түндүгүндөгү чөл. Тынч океанды жээктей 22‒27° түш. кеӊдиктеринин аралыгында жайгашкан. 22° түш. кеӊдиктен түндүктө Тамаругаль деп аталат. А. чөлүнүн пайда болушу, анын субтропиктик антициклондун чыгыш бөлүгүндө жайгашкандыгына байланыштуу. Климаты тропиктик, пассаттык, перу муздак агымынын таасиринен салыштырмалуу салкын. Жылдык жаан-чачыны 50 ммден аз (материктин эӊ кургакчыл жери). А. аркылуу Лоа д. агат. Негизинен кум жана шор топурактуу; сейрек бадал жана кактус өсөт. Натрий жана калий селитрасы, йод, кайнатма туз, жез (Чукика-мата, Эль-Сальвадор ж. б.) кендери бар. А. индейлер тилинде ‒ «чөлдүү жер» дегенди билдирет.