АЙЫЛЧИЕВ Асанбек
Jump to navigation
Jump to search
АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй обл., Сокулук р‑ну, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессору (1991). КРдин илим жана техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыргыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуучусу (1953‑57), кафедра башчысы (1960‑76), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. ЮОдөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептеринин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.