АЮПОВ Асылбек Нургазиевич

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЮПОВ Асылбек Нургазиевич(1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Пржевальск ш.) – экономика илимд. доктору (2011). 1972-ж. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетине караштуу ИИИде иштеп баштаган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы, Чүй акционердик “Ала-Арча” өндүрүштүк-финансы корпорациясынын генералдык директору, “Эви-Автоцентр” ишканасында президенттин экон. маселелер б-ча кеңешчиси. Б. Н. Ельцин атн. КРСУда доцент, профессор, кафедра башчысы. А. 73 ил. эмгек, 4 монография, 1 окуу китебинин жана 6 методикалык колдонмонун автору.