АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:05, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Ай жана планеталардын атм‑расын, бетин жана жалпы түзүлүшүн, о. эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн ил.-из. максатында учурулган космос аппарат-

Ай жана планеталардын жасалма жандоочусу. «Мори­нер‑6» космос кемеси учуруу алдында.

тары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандо­оч чыгарылган асман те­лолорунун бири – Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу – «Луна‑10» автоматтык станциясы 1966‑ж. 31‑мартта учурулган. Ал маалымат бе­рүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971‑ж. Марс менен Жердин улуу тогошуу мезгилинде сов. эки космос зонду «Марс‑2» (19‑майда), «Марс‑3» (28‑майда) жана амер. космос зонду «Маринер‑9» (31‑майда) учурулган. Айга 1980‑ж. чейин 14 жасалма жандоочусу жеткирилген. Башка планеталардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.