АЗОБОЁКТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗОБОЕКТОР – ароматтык радикалдарды бай­ланыштырып турган бир нече азотоптору ­N=N- бар орг. заттар. Молекуласындагы азо­топтордун санына жараша: моноазобоёктор R‑N=N‑R1, диазобоёктор RN=NR1‑N=N‑R" (R'SR1, R – орг. радикалдар – ароматтык, гете­роциклдик, алифаттык) жана полиазобоёктор деп бөлүнөт. NH2- тобу барлар аминазо-, ОН‑тобу барлар – оксиазобоёктор деп аталат. А‑дун өңү­нүн кочкулданышы азо-, окси- жана амин топто­рунун санына жараша болот. Оксиазобоёктор ­начар к‑талык, аминазобоёктор начар негиздик касиетке ээ. Курамында бир же бир нече суль­фо‑тобу болсо к‑талык, курамында амин‑тобу болсо негиздик А‑го бөлүнөт. А‑ду диазоний туздарынын фенолдор, нафтолдор, ароматтык аминдер ж. б. орг. заттар менен реакцияга киришинен алууга болот. Өндүрүлгөн бардык боёк­тордун 50%и А. болуп эсептелет. Аминазобоёк тор менен сары түстөн көк, кара түскө чейин бу­ланын бардык түрүн, пластмасса, кагаз, тери, булгаары боёого болот.