АК-ӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ
Jump to navigation
Jump to search
АК-ӨЛӨҢ ЖАРЫМ АРАЛЫ Балыкчы булуңунун түш.-батыш жээгинде. Ак‑Өлөң кыш‑нан (Тоң р‑ну) 6,3 км түн.-чыгыш тарапта. Көлгө карай 2 км кирип жатат, туурасы 3 км. Мурда арал болуп (аянты 66480 м2), жээктен 130 м аралыкта турган (1956‑ж.), кийин кургактыкка кошулуп, жарым аралды түзгөн. Жарым аралдын аянты 1957‑жылдан 1982‑ж. чейин 0,6749 км2ге, 1981‑84‑ж. 0,0046 км2 ге чоңойгон. Суу астындагы бөлүгүндө 3–5 м терендикке чейин кум жалчалары жатат. Кум‑шагылдуу жээк жалчалары, сайроондор ж. б. мүнөздүү.