АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКЕН ФЛЮРИТ КЕНИ Баткен обл‑нун Кадамжай р‑нунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңг. 1650–1950 м бийиктик­те. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑ж. запасын бекит­кен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары менен флюорит минералы байла­нышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя тү­рүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы б‑ча запасы –267 миң т С2 –270 миң т, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц –261 миң т, С2 – 269 миң т.