АК-БУУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-БУУРА – Кара‑Суу жана Ноокат р‑нун аймак­тары аркылуу аккан суу, Кара‑Дарыянын сол куймасы. Уз. 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түн. капталынан башта­лып, Ак‑Буура капчыгайы аркылуу агат. Жо­горку агымы Кичи Алай, ортонкусу Турук деп аталат. А.-Б. Ош ш. аркылуу агып өтөт. Куйма­лары: Челкилдек, Кырк‑Кечүү, Талды‑Булак, Кош‑Мойнок (оң), Жиптик‑Суу, Чугам, Талды­-Булак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тарты­лат. Жылдык орт. чыгымы 21,4 м3/сек; бай­калган эң көп чыгымы – 331 м3/сек (03. 06. 53), эң азы – 6,25 м3/сек. Негизинен сугатка пайдала­нылат. Ош ш‑н суу менен камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан ж. б. кыштактар жайгашкан.