АК-СУУ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-СУУ МӨҢГҮСҮ ‒ Түркстан кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Исфара суусунун алабында жайгашкан. Уз. 11,4 км, аянты 17,4 км2, абляциясынын аянты 4,6 км2. Көлөмү 1,6 км3. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊг. 4500 м, этеги 3140 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3680 м. Этегинин 3,4 кмдей жери калыӊ шагылдуу мореналар менен капталган. Дого сымал аскалуу тик капталдардан салаалаган мөӊгү тармактары кошулуп, бир чоӊ татаал мөӊгүнү түзөт. Четки жана аяккы мореналар жакшы өөрчүгөн. Мөӊгү жылына 10‒15 мге чегинүүдө. Андан Ак-Суу суусу башталып, Исфаранын сол курамы Каравшинге куят.