АК-САЙ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ СЫМАП КЕНИ Ош обл-нун Кадамжай р-нунда, Үч-Коргон кыш-нан 8 км, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түш.-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊг. 1200‒1500 м бийиктикте. 1962‒92-ж. чейин мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат-терриген тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы (рудасы) акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероиддер жана акиташ-жаспероид брекчиялар тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орт. өлчөмү 0,24%. Кенташтын С2 категориясы б-ча запасы 92,5 миӊ т, андагы сымаптын запасы 222,2 т.