АК-КАШАТ
Jump to navigation
Jump to search
АК-КАШАТ – Чүй обл‑нун Сокулук р‑ндагы кыштак. Жаңы‑Пахта айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сокулук кыш‑нан 35 км түш.-батыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 37 км. Деңиз деңг. 600 м бийиктикте жайгашкан. 1933‑ж. отурукташкан. Калкы 420 (2009); негизинен жашылчачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, бала бакча, ФАП, китепкана, ашкана бар.