АДИАБАТА ПРОЦЕССИ
АДИАБАТА ПРОЦЕССИ – системада тышкы чөйрө менен жылуулук алмашпастан өтүүчү термодинамикалык процесс. А. п. жылуулук өткөрбөөчү (адиабаталык) катмардуу системаларда болот. Мис., тышкы чөйрө менен жылуулук алмашууга үлгүрбөй турган системада өтө тез өтүүчү процессти, вакуумдагы зат менен жүргүзүп жаткан тажрыйбаны А. п. деп айтсак болот, себеби идиштин ичи сырткы чөйрөдөн жылуулук өткөрбөйт, о. эле жогору көтөрүлгөн аба атм. басымдын ылдыйлашы менен адиабаталык кеңейет. Бул абанын муздашына алып келет. А. п. кайталанышы (Кайталанма процесс) жана кайталанбашы (Кайталанбоочу процесс) мүмкүн. А. п. негизинен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көз каранды. Ал изотерма процессинен айырмаланып, турактуу темп‑рада өтөт.