АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ
АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ, н у к л е о т и д д е р– аденозинмоно-, ди- жана трифосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын жана бир молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ рибонуклеин к‑таларынын жана АТФнын гидролизденишинен пайда болот. Ал тирүү организмдердин жашоосунда негизги ролду аткарып, татаал биол. бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин к‑таларынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 )– адениндин, рибозанын жана эки молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын жана үч молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ ферменттердин жардамы менен гидролиздөөдөн алынат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Хим. курамы б‑ча нуклеотиддерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет.
С. А. Адылов.