АЛИ ИБН АБУ-ТАЛИБ
АЛИ ИБН АБУ_ТАЛИБ(17. 3. 599, Мекке ‒ 21. 1. 661, Куфа) ‒ «Такыба халифтердин» төртүнчүсү жана акыркысы, Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы жана күйөө баласы (Фатиманын күйөөсү). Исламда шиит кыймылынын жаралышы А. менен байланыштуу. 7-к-дын 50-ж-нын орто ченинде Осмондун башкаруусуна нааразычылыктар күч алып, 636-ж. көтөрүлүш башталган. Анын жүрүшүндө Осмон халиф өлтүрүлүп, египеттиктердин сунушу б-ча Али халиф болуп жарыяланат. Осмондун аталаш тууганы, Сириянын башкаруучусу Муавий, Мухаммеддин бир топ тарапкерлери жана пайгамбардын жубайы Айша А-ге каршы чыгышат. Бийлик үчүн болгон саясий күрөштө мусулмандар А-дин тарапкерлери ‒ шииттерге жана ага каршы чыккан ‒ сунниттерге бөлүнөт. 657‒660-ж-нын аралыгында Муавийге каршы согушта ийгиликке жете албаган Али 661-ж. Куфа шаарында Харижит (к. Харижит ) тарабынан өлтүрүлөт. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, ал Куфанын алдында (Неджеф ш.) коюлган жана ал жер кийин шииттердин ыйык жайына айланган. Али тарыхка исламдагы эӊ бир кайгылуу жана кайчы мүнөздөгү адам катары кирген.