АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ
АДРИАНОПОЛЬ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1829) Россия менен Осмон империясынын ортосундагы согуштун (1828–29) жыйынтыгы менен түзүлгөн келишим. 1829‑ж. 2 (14)-сентябрда Адрианополь (Түркиянын Эдирне ш.) ш‑да 25 жылдык мөөнөт менен кол коюлган. Келишим б-ча Дунайдын Чаты а. менен Кара деңиздин бүт Кавказ жак жээги, Кубань д‑нын чатынан Ажариянын түн. чегине чейин, о. эле Ахалкалаки жана Ахалцик чептери чет жакасы менен Россияга өткөн; Грузиянын, Имеретиянын, Мегрелиянын жана Эриван, Нахичевань хандыктарынын Россияга кошулушу ырасталган, орустардын жана чет өлкөлөрдүн соода кемелери Босфор менен Дарданелл кысыктары аркылуу эркин өтүшүнө Түркия макулдук берген. Дунай княздыктары (Молдавия жана Валахия) автономияга ээ болушкан. А. т. к‑н түзүү менен орус дипломатиясы ири жеңишке жетишкен. Ал Кара деңиз боюнда сооданын өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзүп, Закавказьенин негизги аймактарын Россияга кошуп бүткөн; Молдавия, Грекия, Валахия жана Сербия элдери Осмон империясынын эзүүсүнөн бошонгонго объективдүү өбөлгө түзгөн.