АЛА-АРЧА УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА УЛУТТУК ТАБИЯТ ПАРКЫ ‒ мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик борб. бөлүгүнөн башталып, түн. тарапты карай созулуп жаткан Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек ш-нан 35 км түш. тарапта. Аянты 19,4 миӊ га. Деӊиз деӊг. 1600‒4200 м бийиктикте; орт. бийикт. 3300 м. Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна мал айдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чаржайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Ала-Арчанын экосистемасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Ала-Арча капчыгайынын кайталангыс кооз ландшафтысын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, о. эле ал жерде калктын эс алуусун сапаттуу уюштуруу максатында 1976-ж. негизделген. Ала-Арча капчыгайы жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты б-ча бир топ айырмаланат. Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн , батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы жылгалар, бийиктеги тепши сымал өрөөндөр, төрлөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт. А.-А. у. т. п-нын жана жалпы эле Кыргыз Ала-Тоосунун эӊ бийик жери ‒ Аламүдүн чокусу (4893,4 м) Аламүдүн айрыгында жайгашкан. Паркты курчаган тоолордо 60тан ашык чокулардын бийикт. 4000 мден ашат. Алардын маанилүүлөрү: Таажы (4866,7 м), Эркин Корея (4840 м), Мугалим (4500 м), Теке-Төр (4444 м) ж. б. Бул чокулар тоо туризминин жана альпинизмдин өөрчүшүнө шарт түзөт. Климаты жагымдуу. Күн тийүү узактыгы Ысык-Көл курорт зонасынан калышпайт (жылына 2100‒2700 с). Январдын орт. темп-расы ‒7,8°С, июлдуку 12,2°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 540 мм. Ала-Арчанын төрлөрүндө (3500 мден жогору) жайгашкан мөӊгүлөрдүн жалпы аянты 53,6 км2. Ири мөӊгүлөрү: Голубин (Жинди-Суу), Ак-Сай, Теке-Төр, Топ-Карагай, Туюк, Адыгине ж. б. Алардан шар аккан, шаркыратмалуу суулар башталат. Жай мезгилинде Ала-Арча суусунун орт. чыгымы (4,17м3/сек ) 5‒10 эсеге артат. Ландшафттына бийиктик алкактуулук мыйзам ченеми мүнөздүү: тоо этегинде (адырларда) талаа, андан жогору токой-талаа-шалбаа, субальп, альп жана гляциалдык-нивалдык алкактары. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Ала-Арчадагы тяньшань карагайы коӊшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Андан сырткары арчалар (сары арча, түркстан арчасы, жапалак арча), кайыӊ, четин ж. б. да өсөт. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилди. Токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арча ж. б-дын көчөттөрү отургузулууда.