АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМОБИЛЬ ЖОЛУ‒ автомобилдердин үзгүлтүксүз, ыӊгайлуу жана коопсуз кыймылын камсыз кылуу үчүн ылайыкталган курулуштар комплекси. Эл аралык, чарбалык маанисине жана жол кыймылына жараша А. ж.: мамл., обл., р-ндук, айылдык ж. б. болуп бөлүнөт. А. ж-нун машина жүрүүчү бөлүгү жолдун негизги элементи болуп саналат. Анын бетине бышык курулуш материалдары төшөлөт. А. ж-нун өзөн, тереӊ коо ж. б. менен кесилишкен жеринде жасалма көпүрө ж. б. курулуп,транспорт өтүүчү ири түтүктөр орнотулат, өткөөлдөр жасалат. Кыймылды жөнгө салуу үчүн А. ж-на жол белгилери жана көрсөткүчтөр коюлат. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Кырг-нда Фрунзе‒Рыбачье ‒Нарын‒Торугарт; Нарын‒Казарман; Ысык-Көл

дү айланта; Фрунзе‒Ош; Ош‒Хорог; Талас‒Жамбыл ж. б. ири жолдор курулуп пайдаланылууда. Азыркы күндө респ-кабызда мамл. жана жерг. маанидеги жолдун уз. 20000 кмден ашык (2020).