АВТОБЕКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОБЕКЕТ‒ жүргүнчүлөрдү тейлөөчү жана жүк ташуучу унаалар менен камсыз кылуучу автотранспорттук мекеме. Ал жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуучу А. болуп бөлүнөт. Жүргүнчүлөр А-и ‒ шаар аралык жана шаар айланасындагы автобус катнаштарында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө арналган курулуш тутуму (к. Автовокзал). Жүргүнчүлөр А-и чакан шаарларда жана райондун борборлорунда, автобустун акыркы токтоочу жеринде курулат. Жүк ташуучу А-и ‒ жалпы пайдалануудагы автомбиль транспорт системасында шаар аралык жүк ташуу ишин жүргүзүүчү транспорт уюму. Ал ири шаарлар менен өнөр жай бор-

Бишкек автобекети.

борунан сыртка кеткен жолдордун чыгаберишине, темир жол станциясына (бекетине), деӊиз жана дарыя портторуна жакын курулат. Жүк ташуучу А-нин негизги милдети ‒ жүктү өз убагында ташып жеткирүү; трансп.-экспедициялык иштерди аткаруу; автомобилдин жүрүү графиктеринин аткарылышын текшерүү жана жүк жөнөтүүчүлөр менен эсептешүү. Кырг-ндын бардык райондорунун борборлорунда жана шаарларында жүргүнчүлөр А-и, ири райондордо жүк ташуучу А-и бар.