АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ
АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ Ысык‑Көл обл‑нун Тоң р‑нунда, Балыкчы ш‑нан 18 км түштүктө, Ак‑Өлөң кыш‑нан 4 км түш.-батыш тарапта, Оттук тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1720– 1860 м бийиктикте жайгашкан. 1974‑75‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы‑пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоо тектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун уз. 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр жана бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коозу жана кубулжуп көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чоңураак келип, сиениттин порфир сымал негизги структурасын түзөт. Мында ири кристаллдар 15‑60%. Алардын уз. 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда күнгө кубулжуп, кооздугу менен асылдуулугун арттырат. Блоктордун чыгышы 64,7% ти түзөт. Калыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чыгышы 9,9 мг/м3. Уз. 1–2 мге жеткен бышык жана жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы б‑ча 356,6 миң м3, В–595,1 миң м3, C1- 390,9 миң м3. Алар мн имараттардын ички жана сырткы дубал беттерин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.