АДВЕНТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:53, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (4), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДВЕНТИЗМ (лат. adventus – келүү) – АКШда 1830‑ж. пайда болгон протестантизмдин багыты. Баптист‑дин үгүттөөчү Уильям Миллер (1782–1849) тарабынан негизделген. Ал 1843‑ж. Биб­лияга таянып, өз алдынча татаал эсептөөлөрдү жүргүзүп, Иисус Христостун Экинчи жолу ке­лишин аныктаган жана анын пикири б‑ча ал дата 1843–44‑ж. аралыгы болгон. 1843‑ж. Миллер­дин жактоочуларынын саны 100 миңге жеткен. Анын айтканы ишке ашпай калган соң, Мил­лердин жактоочулары дагы бир нече даталарды айтып чыгышкан. 1845‑ж. Олбаниде (Нью‑Йорк штаты) өткөн адвентисттердин съездинде өздө­рүнүн ассоциациясын түзүшүп, диний догмат­тарды иштеп чыгышкан. Алардын пикири б‑ча дүйнөнү өрт каптап жок болот, бирок динге ишенгендер үчүн жаңы дүйнө пайда болот. Христостун экинчи жолу келиши динчилдердин кайрадан тирилиши менен коштолуп, Христостун 1000 жылдык башкаруусунан кийин күнөө­лүүлөр да тирилет. Адвентисттердин догматтар­ды талкуулоодо пайда болгон ич ара пикир ке­лишпестиктерден бир нече топко бөлүнүп кетиш­кен, анын ичинде эң ириси Жетинчи күндүн адвентист­тери. Мындан тышкары Кудайдын чиркөөсү, Жашоонун жана келүүнүн союзу ж. б. Адвентист­тик үгүт канчалык көп элге жетсе, Христостун келиши ошончолук тездейт деп эсептешип, Жетинчи күндүн адвентисттери (ЖКА) миссио­нердик ишти өтө уюшкандыкта, активдүүлүк менен жүргүзүшөт. Алар кайрымдуулук иштерине өзгөчө маани беришип, согуш жана табият кыр­сыктарынан жапа чеккендерге жардам көрсө­түүдө БУУ менен бирдикте кызматташууда. 600гө жакын госпиталь, клиникалар жана санаторий­лерди керектүү дары‑дармек, каражат менен кам­сыздап турат. ЖКА чиркөөсүнүн 205 өлкөдө общиналары, 1 млнго жакын жактоочулары бар.