АБДЫКАДЫРОВ Рысбай
АБДЫКАДЫРОВ Рыспай (12. 1. 1941, Ош обл., Кара-Кулжа р-ну, Кызыл-Булак айылы – 12. 9. 1994, Ош ш.) – залкар обончу-композитор ж-а ырчы. Көөнөрбөс обондору ж-а аргендей мукам үнү м-н өз кезегинде кыргыз музыка өнөрүнө өзгөчө бурулуш жасаган. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1988). 1959–60-ж. Кара-Кулжа элдик театрында, 1962-ж. райондук маданият үйүндө, Жалал-Абад театрында, 1967–69-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенген. 1971-ж. Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүрүп, анда окутуучу, 1972-ж. Ош шаардык музыкалык окуу жайында, 1973-жылдан ОшМУнун музыка факультетинде эмгектенген.
1959-ж. «Түгөйүм», «Эсиңдеби», «Ой, бото көз», «Алмашым», «Өскөн жер», «Суусамыр», «Сагынам туулган жер сени», «Койчунун ыры» ж. б. көптөгөн мукамдуу музыкалык обондордун автору. Бир нече шакирттерди (Ж. Алыбаев, И. Аманбаев ж. б.) тарбиялап, өз чыгармачылык мектебин түзгөн. 1989-ж. «Ырларым – менин тагдырым», «Жолугарым билгемин» аттуу обондуу ырлар жыйнактары чыккан. 1994-ж. Жалал-Абад шаарында «Рыспай клубу» түзүлгөн. 1994-ж. Ош филармониясына, Кара-Кулжа музыкалык мектебине ысымы ыйгарылган. 1997-ж. Ош филармониясынын алдына эстелиги орнотулган.ж. Ош ш-ндагы муз. мектепке ж-а көчөгө анын аты берилген. А. тууралуу Б. Боркеевдин «Рыспай» аттуу китеби жарык көргөн (2004), «Ырларым менин тагдырым» автобиографиялык видеофильм тартылган (1991). М. Оморова.