АГА ХАН IV

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГА ХАН IV, п р и н ц К а р и м ш а х (13. 12. 1936-ж. т., Швейцария, Женева ш.) ‒ шиит-исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (1957-жылдан). Ага хан IV Мухаммед пайгамбардын бир тууганынын уулу, күйөө баласы Али ибн Абу Талиб жана кызы Фатима аркылуу пайгамбардын тике мурасчысы катары саналат. Ал чоӊ атасы Ага Хан III Султан Мухаммад Шахтын ишин улантып, коомдук жана саясий иштерге жигердүү катышууда. 1967-ж. Ага Хан IV Фонду жеке, коммерциялык эмес, эл аралык өнүктүрүү агенттигин негиздеген. Фонддун максаты ― адамдык, финансылык жана техн. ресурстарды мобилизациялоо аркылуу Түш. жана Борб. Азиядагы, Африкадагы, Ж. Чыгыштагы калктын жашоо шартын жакшыртуу, жакырчылыктан чыгууга көмөк көрсөтүү, коомдук уюмдарды уюштуруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана мад-т тармактарын өнүктүрүү ж. б. маселелерин ишке ашыруу. Ага Хан IV Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен 1995-ж. келген. 2001-ж. КР менен Исмаилиттер имаматынын ортосунда Кызматташуу тууралуу келишим түзүлгөн.

АГА ХАН IV3.png

Натыйжада Ага хан фонду эл аралык өнүктүрүү агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2005-жылдан Бишкекте иш жүргүзө баштаган. А. Х-дын колдоосу менен 2000-ж. дүйнөдөгү биринчи эл аралык артыкча укугу бар Борб. Азия Ун-ти (БАУ) уюшулган. БАУнун ун-т шаарчалары Нарында (Кыргызстан), Хорогдо (Тажикстан), Текелиде (Казакстан), о. эле Ош ш-нда Ага Хан орто мектеби (2002) ачылган.