АВСТРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯЛЫКТАР(өздөрүн Цsterreichеr ‒ эстеррайхер деп аташат) ‒ эл, Австриянын жерг. калкы. АКШ, Италия, Германия, Канада, Аргентинада да жашашат. Жалпы саны 8 894 389 киши (2019), өлкө калкынын 88,6%и Австрияда. Немец тилинин жерг. диалектинде сүйлөшөт. А-дын этностук негизин байыркы герман уруулары (алеман, бабар, свевдер), 6-к-да славяндар (словен), о. эле кельт, рет, иллирийлер түзөт. Дини ‒ католик. А-дын көпчүлүгү шаарда жашап, өнөр жайларда иштешет. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык менен кесиптенишет. Жогорку жана Төмөнкү Австрияда немец, Тиролдо жана тоолуу райондордо альпы (2 кабаттуу, алды таш, үстү жагы жыгачтан), Форарльбергде алеман тибиндеги (жыгачтан), айрым жерлерде топурактан согулган, үстү саман менен жабылган үйлөрдү курушкан.

Тиролдук карыя.

Улуттук кийими ‒ желети менен ак көйнөк, эркектер кыска булгаары шым, куштун канаты тагылган шляпа, аялдар бүйүрмөлүү юбка кийишет. А. негизинен сүт азыктарын, о. эле ун азыктарын пайдаланышат.