АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРИЯ-ТҮРКИЯ СОГУШТАРЫ (16‒18-к.) ‒16-к-дын 20-ж-нан негизинен Балкан ж. а-нын түн. бөлүгү жана Венгрия королдугунун аймагы үчүн австриялык Габсбургдар менен Осмон империясынын ортосунда күрөш жүргөн. 1521-ж. түрктөр Венгрияга жортуул жасап Белградды ээлейт, кийинчерээк венгриялык-чехиялык армияны талкалайт (29-август 1526). 1532‒33, 1540‒47, 1551‒62, 1566‒68, 1660‒64-ж. А.-Т. с-нын жыйынтыгы Австрия менен Түркиянын Венгрия королдугунун аймагын бөлүштүрүп алуу менен аяктаган. 1683‒99-ж. согуш Түркиянын аскерлеринин Австрияны басып кирүүсү, Венаны курчоосу менен (1683) башталып, түрктөргө каршы түзүлгөн коалициянын (Австрия, Польша, Венеция, 1686-ж. Россия) аскерлеринен жеӊилген жана Европадагы ири аймактарынан айрылган. Ушундан соӊ түрктөр Борб. Европадан чегинген. 1737‒39, 1788‒90-ж. А.-т. жана 1735‒39, 1787‒91-ж. орус-түрк согуштарында Россия тарапта катышкан Австрия жеӊилип калган соӊ, Осмон империясына Сербиянын жана Валахиянын айрым бөлүктөрүн кайтарып берген.