АВИАНОСЕЦ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (5), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (14)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИАНОСЕЦ – авиация жүктөп жүрүүчү согуш кемеси; жогорку манёврдүү сүзүп жүрүүчү авиациялык чоң база. А-тин душманга каршы негизги куралы – палубадагы авиация (самолёттор жана вертолёттор), ал ядролук жана жөнөкөй дүрмөттүү ракета, бомба жана торпедалар менен куралданган. А-ти мина жүктөгөн крейсерлер, фрегаттар, десанттык, башкаруучу кемелер, согуш кемелери ж. б. жардам көрсөтүүчү кемелер коштоп жүрөт. Учуучу аппараттарды жүктөгөн А-тердин палубасы атайын самолёттун учуп-конуусуна ылайыкташкан. Биринчи учма аппараттарды жүктөгөн кемелер 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында француз жана орус флотторунда колдонулган. 1-дүйнөлүк согушта гидросамолётторду (сууда да сүзө турган) жүктөгөн ангарлуу кемелердин бортуна сууга түшүрүп-көтөрмө курулмалар (гидроавиотранспорт) орнотулган. Кемеге 12 самолёт жүктөгөн. Россияда 1915-ж. авиация жүктөгөн транспорт-кемелер үчүн 4 пароход жана “Алмаз” крейсери жабдылган. 1918-ж. биринчи жолу англ. жүк жана жүргүнчү ташыган “Аргус” кемеси самолёттун учуп-конушуна ылайыкташып жабдылган. 1-дүйнөлүк согуштан кийин Улуу Британия, Франция, АКШ жана Японияда курулуп бүтө элек линкорлор менен крейсерлерди атайын долбоор б-ча самолёттун учуп-конуусуна ылайыктап кура баштаган. 2-дүйн. согуштун алдында англ., франц., амер. жана япониялык флоттордо бардыгы 19 авионосец болсо, согуштун жүрүшүндө алардын саны 169ка жеткен. А-тер колдонулушуна жараша суу үстүндөгү согуш кемелери менен суу астындагы кайыктарды талкалоочу жөнөкөй А. жана атомдук А. болуп бөлүнөт. Сокку уруучу А-тер душмандын кургактагы аскер объектилерин, деңиз базаларындагы кораблдер менен кемелерин алыстан атып талкалап, жок кылуу, деңиздик десант аскерлерин түшүрүүнү камсыз кылып, океан, деңиздердеги аскер коммуникацияларын коргоого алат. А-тер салмагы (сууга сыйымдуулугу) жана колдонулушу б-ча оор (60–100 самолёт жүктөгөн амер. “Иорктаун”, “Эссекс”, япон. “Сорю”, “Сёкаку”; англ. –“Имплэкебл”) жана флотту аба чабуулунан жана сууга коюлган миналарда коргоочу–жеңил (25–50 самолёт жүктөгөн; амер. “Индепенденс”, япон. “Сёхо”, англ. “Колосус”) А-терге бөлүнөт. 1941–45-ж. Тынч океанда болгон согуш компанияларында А-тер флоттун негизги сокку уруучу күчү болгон. 1950-жылдан А-терге ядролук курал жүктөгөн самолёттор кондурула баштаган. 1961-ж. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүндө (АДК) биринчи жолу атомдук А. “Энтерпрайз”, 1975-ж. “Честер У. Нимиц”, ал эми кийин 1998 ж. 8 атомдук А.кошулган. 21-к-дын башында дүйнөнүн 9 өлкөсүнүн АДКта А-тер бар, анын көпчүлүгү АКШда, ал анын согуштук-саясий кызыкчылыктары үчүн бүткүл дүйнө б-ча колдоо көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда Улуу Британия, Италия жана Франциянын аскер деңиз күчтөрүнүн вертолётоносецтери бар, алар суу астындагы миналарды жок кылууга багытталган. Вертолёносецтердин суудагы салмагы 15 миң т га чейин, алар бортуна 20–32 вертолёт жүктөй алат. АКШнын аскер-деңиз күчтөрүнүн курамында десант аскерлерин жүктөгөн вертолётоносецтеринин (универсалдуу десант кораблдери) салмагы 40,5 миң тга чейин, ал тик уча турган 42 вертолёт, 10дой самолёт алып жүрө алат, анда курал-жарак жана тийиштүү аскер техникалары менен жабдылган 1800 адам кызмат кылат. РФ Аскер-деңиз күчтөрүнүн катарына 1970-ж. орто салмактагы “Киев”, “Новороссийск” ж. б. А-тер кошулган. Ошондой эле Россия аскер-деңиз күчтөрүнүн эң чоң А-ти –ТАКР “Советтер Союзунун флот адмиры Кузнецов”, анын салмагы 10 миң т. чейин, ылдамдыгы 30 узл.

Ж. Арзыкулов