АБРАМОВ Алексей Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАМОВ Алексей Фёдорович [31. 12. 1925, Башкыр АССРи (Башкыртстан), Даниловка кыштагы – 12. 6. 2010, Россия] – Даңк орденинин толук кавалери.

АБРАМОВ54.png

1936-жылдан Кырг-ндын Ош обл-ндагы Көк-Жаңгак ш-нда жашаган. 1943-ж. Сов. Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск ш., Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга, Данциг менен Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн А. 3- жана 2-даражадагы Даңк орденин алууга татыктуу болгон. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы А-дун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак ш-на кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар менен да сыйланган.