АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫРАХМАНОВ Төлөбек Абылович  [1. 1. 1962-ж.т., Нарын обл., Тянь-Шань (азыркы Нарын) р-ну, Куланак айылы] – тарыхчы, тарых илимд. доктору (2011), доцент (2006), тарых жана саясат таануу адистиктери б-ча проф. (2014). КРдин Илим жана техника жаатындагы мамл. сыйлыктын лауреаты. КР УИАнын мүчө-корреспонденти (2021). СССРдин 50 жылдыгы атн. КМУнун тарых ф-тин (1987), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1991) бүтүргөн. 1991–92-ж. КМУнун тарых ф-тинде лаборант, 1992–96- ж. окутуучу, 1996–2001-ж. доцент, 1998–2001-ж. Ж. Баласагын атн. КМУУнун "Кыргыз таануу" окуу-ил. борборунун директору, 2001–05-ж. И. Арабаев атн. КМПУнун Окуу-инспекциялык дирекциясынын башчысы, директору, 2005–06-ж. И. Арабаев атн. КМУнун Окуу иштери б-ча департаментинин директору, 2006–10-ж. Гуманитардык билим ин-тунун директору, 2010-22-ж. Арабаев атн. КМУнун биринчи проректору, окуу иштери б-ча проректору, ректору, 2022-жылдан Ж. Баласагын атн. КУУнун ректору. Илим жана билим берүү тармагындагы мыкты жетишкендиктери үчүн «ЭКО» (Экономикалык Кызматташтык Уюму) сыйлыгынын лауреаты, Түрк дүйнөсүнүн илим жаатындагы жетишкендиктери үчүн «Эскишехир» сыйлыгынын лауреаты (Түркия). КР Жогорку аттестациялык комиссиясынын (ЖАК) мүчөсү, ЮНЕСКО иштери б-ча КР Улуттук комиссиясынын мүчөсү. 300дөн ашык ил., ил.-теориялык, ил.-методикалык жана ил.-популярдуу эмгектердин (анын ичинде 16 монография, 15 окуу куралы) автору жана авторлош. Медалдар менен сыйланган.