АГРОЦЕНОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОЦЕНОЗ (гр. агрожана koinos ‒ жалпы) ‒ маданий өсүмдүктөр өстүрүлгөн аймактын (талаанын, плантациянын, огороддун, бакчанын ж. б.) кыртышында жашап жаткан организмдердин көптөгөн түрлөрүнүн тобу. А. төмөндөгүдөй бөлүнөт: адамдын колу менен жасалган А. ‒ ургаалдуу пайдалануунун натыйжасында түрү өзгөрүлгөн табигый өсүмдүктөр тобунун сапаты жакшыртылганы (пландуу пайдаланган токойлор, шалбаалар); жарым-жартылай кол менен өстүрүлгөн А. ‒ өсүүсү пландуу түрдө жөнгө салынып турбаган өсүмдүктөрдүн жасалма тобу (эгилме токой аянттары, себилме көп жылдык шалбаалар); айдалма А. ‒ өсүп-өнүгүүсү адам тарабынан жөнгө салына турган өсүмдүктөрдүн коомдоштугу (бак-дарактар, плантациялар, айдоолор); ургаалдуу экме А-до ‒ кыртыш, суу, аба чөйрөсү түзүлүп, өсүп-өнүгүүсү жөнгө салынып туруучу өсүмдүктөр тобу (күнөскана өсүмдүктөрү, аэропоника, гидропоника). Адамзаттын чарба иштерин ургаалдуу жүргүзүшү табигый биоценоздордун көп түрдүүлүгүнүн кыскарышына алып келүүдө. Бул болсо атмененын газ алмашуу режимине тоскоол болуп жатат. Ошондуктан, айлана-чөйрөнү коргоо жана а. ч. ландшафттарынын чарба иштерин туура жүргүзүү, А. түшүмдүүлүгүн жогорулатуу (өсүмдүктөрдү СО2 газы менен жетиштүү өлчөмдө камсыз кылып) ж. б. мелиорация иштерин жүргүзүү керек.

 К. Молдошев.