АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ
АГРОХИМИЯ КАРТОГРАММАСЫ, а г р о х и м и я л ы к к а р т а ‒ а. ч-сына жарактуу жерлердин топурагын агрохим. изилдөө натыйжаларын чагылдыруучу схемалык карта. Ар бир аймак үчүн атайын түзүлгөн картограмма топурак картасын толуктап, чарбада агротех. ыкмаларын иштеп чыгуу үчүн колдонулат. Ири, орто жа кичине масштабдуу болуп бөлүнөт. Ири масштабдуу картограмманын негизинде айрым талаа үчүн жер семирткичтин түрү жа өлчөмү аныкталып, топуракты акилештирүү же гипстештирүү планы түзүлөт. А. к-н топурактын агрохим. касиети 10 га же андан чоӊ аянттан алынган топурак сынамыгын анализдөө м-н аныкталат. Айдоо жер үчүн ирирээк, жайыт, дыӊ, айдалбаган бош жер үчүн кичине масштабда А. к. түзүлүшү мүмкүн. Кыргызстанда А. к. мезгил-мезгили менен жаӊыртылып турат жана агрохим. лаборатория аркылуу ишке ашырылат.