АББРЕВИАТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:01, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АББРЕВИАТУРА (лат. abbrevio, итал. abbre-viatura – кыскартуу), кыскартылган сөздөр –1) лингвистикада: толук маанилүү сөздөрдүн кыскартылып берилиши; башкы тамгалары же башкы муундары сакталып, калгандары кыскартылып, белгилүү бир маанини туюндурган татаал сөздүн бир түрү (мис., Кыргыз мамлекеттик университети – КМУ, Бириккен Улуттар Уюму – БУУ, Жогорку Кеңеш – ЖК, Илимдер академиясы – ИА). А-нын жазылыш эрежелери төмөндөгүдөй: а) баш тамгаларынан кыскартылган сөздөрдүн бардыгы баш тамга м-н жазылат (мис., БУУ, КМУ, ЖК); б) эгерде ага мүчө уланса, кыскартылган сөз баш тамга м-н жазылып, сөз мүчөсү кичине тамга м-н бирге жазылат (мис., ЖОЖдон, ИИМден, АКШдан); в) жазууда, басма сөздө кеңири колдонулган кыскартылган сөздөр кичине тамга м-н арасына чекит коюлуп жазылат (мис., башкача айтканда – б. а.; жана башкалар – ж. б.; дагы ушул сыяктуулар – д. у. с.); г) эгерде кыскартылган сөздөр үндүүлөр аркылуу бүтүн сөз катарында окулса, ага жалгануучу мүчөлөр да ошол үндүүлөргө карай жазылат ( мис., ГЭСке, БУУнун); д) эгер биринчи бөлүгү муунунан, калган бөлүктөрү башкы тамгаларынан кыскартылып, бирок сөз катары колдонулуп калган болсо, бардык бөлүгү бириктирилип, жалпы ат катарында кичине тамга м-н жазылат (мис., райОНО эмес, районо); 2) музыкада – нота жазууда колдонулуучу кыскартуу ж-a оңойлоштуруу белгиси. Ага төмөнкүлөр кирет: а) репризалар; б) айрым добуштарды, аккорддорду, кыска обондорду, такттарды кайталоо; в) октавага жогору же төмөн которуу, о. эле октавага эки эселентүү (кошумча сызыктарды көбөйтпөө үчүн); г) арпеджио; д) глиссандо; е) тремало; ж) бир нече тактка созулган тыным (к. Тыным).
С. Мусаев, М. Молдалиева.