АГРАРДЫК ИЛИМДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), А. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРАРДЫК ИЛИМДЕР ‒ а. ч. өндүрүшүн, а. ч. азык-түлүктөрүн кайра иштетүү тармагын ил., ил.-инновация жактан камсыз кылуучу жана кеӊеш берүүчү илимдер комплекси. А. и-дин ил.-из. натыйжаларын өндүрүшкө жайылтуучу колдонмо (практикалык) илимдер тармагына кирет. А. и-дин теор. негизин биология, генетика, химия, физика, топурак таануу, метеорология, география ж. б. табигый илимдер түзөт. анын ичинде шарттуу түрдө агрономия, зоотехния, ветеринария, инженердик-техника жана агр. экономика болуп бөлүнөт. Кыргызстанда анын ичинде негизинен Мекен таануу ин-тунун топурак-ботан. жана зоотехния станцияларынын базасында Мал чарба ИИИ (1931) уюшулгандан баштап өнүгө баштаган. Респ-нын агр. өнөр жай комплексин ил. жактан камсыздоо ишин Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу ИИИлер аткарып, тажрыйба жүргүзүү иштери 11 мамл. асыл тукум мал з-ддорунун, 7 алгачкы үрөнчүлүк чарбаларынын базасында жүргүзүлөт.